2023-03-03

Мектепке чейинки билим берүү программасынын студенттери үчүн практика бөлмөсү


2022-2023-окуу жылында  Кесиптик жогорку мектебибизде балдар бөлмөсү иштеп жатат. Бул балдар бөлмөсү "Мектепке чейинки билим берүү" программасынын  студенттери үчүн теориядан алган билимдерин практика менен айкалыштырып үйрөнүү максатында  уюштурулган.  Студенттерибиз ар бир жуманын бейшемби жана жума күндөрү саат 14:00-16:00 аралыгында 3-6 жаштагы балдар үчүн  оюн сааттарын уюштуруп өткөрүп жатышат.